ПТ, 3 декабря 10:45
32°C Бишкек
USD: 84.78 EUR: 96 KZT: 0.19 RUB: 1.14

«Т.Усубалиев: кечээ, бүгүн жана эртең»

  • 16:59, 4 дек 2019
  • 246

Кыргыз Эл Баатыры Т.Усубалиевдин кыргыз элине жасап кеткен эмгегин даңазалоо максатында «Кочкор жашатар кеңеши» коомдук бирикмеси жана Кочкор райондук билим берүү бѳлүмү тарабынан мугалимдер арасында  «Т.Усубалиев: кечээ, бүгүн жана эртең» деген аталышта  дил баян жазуу боюнча конкурс жарыяланган.

Конкурстун шарттары боюнча катышуучулардын жашы чектелбей, Т.Усубалиевдин ишмердигин, мамлекетке кошкон салымын, долбоорлорун, келечекке болгон кадамдарын жана баамын камтып 10 беттен ашык эмес жазылышы  каралды.

Конкурска 11 мектептен 12 мугалим катышып,жыйынтыгында Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин тарых мугалими Молдогазиева Махабат биринчи, Соң-Кѳл орто мектебинин кыргыз тили мугалими Майрамбек кызы Бурул экинчи, Ак-Чий орто мектебинин директору Айдарбеков Дайырбек үчүнчү орундарга ээ болушуп, Ардак грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты. Конкурстун бардык катышуучуларына «Кочкор жашатар кеңеши» тарабынан ыраазычылык каттар тапшырылды.

 

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!