ПТ, 3 декабря 10:18
32°C Бишкек
USD: 84.78 EUR: 96 KZT: 0.19 RUB: 1.14

Манас күнү белгиленди

  • 15:06, 4 дек 2019
  • 135

Бүгүн, 4-декабрь Манас күнү М.Мусулманкулов атындагы  балдар искусство мектебинде белгиленди. Иш чараны аты аталган мектептин Манас таануу боюнча мугалими  Гүлай Жумадилова алып барып, окуучуларга  кыргыз элинин улуттук сыймыгы болгон  Манас эпосу, андагы каармандар жѳнүндѳ кеңири айтып берди. Ш.Абдылдаев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучулары Жээнбеков Адилет, Кайыпова Айдана, К.Кыдыралиев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Салмоорбеков Кудайберген, Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин окуучулары Халмурзаев Сыймык жана Канатбек уулу Тилек, Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиянын окуучусу Арсарбек кызы Айдай Манас эпосунан үзүндүлѳрдү айтышып, ар кандай суроолорго жооп беришти.

Мындан тышкары райондогу ар бир мектепте, ар бир бала бакчада  Манас күнү белгиленип, Манас айтуу боюнча конкурстар, сүрѳт кѳргѳзмѳлѳрү, тарбиялык сааттар ѳткѳрүлүп, кыргыз элинин улуттук бийлери, күүлѳрү менен коштолууда.

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!