ПТ, 3 декабря 09:09
32°C Бишкек
USD: 84.78 EUR: 96 KZT: 0.19 RUB: 1.14

Кыргыстан кечээ, бүгүн жана эртең

  • 15:52, 4 дек 2019
  • 70

«Кочкор жашатар кеңеши» коомдук бирикмеси жана Кочкор райондук билим берүү бѳлүмү тарабынан Кыргыз Эл Баатыры Т.Усубалиевдин 100 жылдыгына карата  жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо, алардын чечендик сѳз чеберчилигине жол ачуу, Т.Усубалиевдин жана башка тарыхый инсандардын кыргыз элине жасаган эмгектерин жаштарга жеткирүү  максатында 9-10-11-класстардын окуучуларынын арасында  «Кыргыстан кечээ, бүгүн жана эртең» деген аталыштагы дебат жыйынтыкталды.

Дебат  Кыргызстан кечээ кандай эле, бүгүн кандай, эртең кандай болот деген суроолордун айланасында талкуу иретинде ѳтүп, жыйынтыгында К.Мамбеталиев, Н.Жүндүбаева, Жунушалы кызы Сайнап атындагы орто мектептеринин окуучулары Ысык-Кѳлгѳ үч күндүк эс алууга сертификат, ал эми Арсы, Кызыл-Дѳбѳ, К.Кыдыралиев атындагы орто мектептеринин  окуучулары Алма-Ата шаарына экскурцияга барууга жолдомо алышты.  Арсы орто мектебинин окуучусу Ѳмүралиева Айгерим, Кызыл-Дѳбѳ орто мектебинен Кыдыралиева Уулжан, Жунушалы кызы Сайнап атындагы орто мектебинен Жыргалбек уулу Шернияз, К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинен Таалайбек уулу Ислам «Мыкты дебатчы» наамына ээ болушту.

 

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!